• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-мэр Виктория Мозгачева мектептерди текшерүүнү улантууда

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Бүгүн калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева №45 мектепке барды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жылы аталган мектепте инженердик түйүндөрдү алмаштыруу, жылуулук түтүктөрүн орнотуу каралган.

“Виктория Мозгачева иштердеги кемчиликтерди дароо таап жана мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгына «Арай» ЖЧКсы подрядчы компаниясына ишти кечиктиргендиги үчүн эскертүү түзүүнү жана бир жуманын ичинде, 11-сентябрга чейин радиаторлорду алып келүүнү тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге балдар колдорун муздак сууга жууп калбашы үчүн суу жылыткыч сатып алууга арыз берүү райондук билим берүү борборуна тапшырылды.

Сметага ылайык жумуштун наркы 1,9 миллион сомду түзөт, бирок иштин наркы ашыра көрсөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгы үчүн, смета кайрадан каралат.

Пикир

Оставить комментарий