• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-мэр жаңы лифттерди сыноодон өткөрдү. Түштүк-2 кичирайонундагы 3 турак үйгө жаңы лифт орнотулду

Коом 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы Түштүк-2 кичирайонундагы №3, №5 жана №6 турак үйлөргө алты жаңы жүргүнчү лифтин орнотууну аяктады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаанын турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жабдууларды, кабинанын деталдарын, техникалык документтерин текшерип, лифтти ишке киргизди.

“Жүргүнчү лифттерин модернизациялоо боюнча иштер «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы тарабынан улантылууда. 2020-жылдын планына ылайык, 25 жылдан ашык убакыттан бери иштеген 21 муниципалдык лифтти жана №1 шаардык клиникалык ооруканасындагы лифтти алмаштыруу пландаштырылган. Ооруканадагы лифт июнь айында эле алмаштырылып, ишке берилген. Калган 15 лифт жыл аягына чейин орнотулат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында жабдууларды алып келүү үчүн тендер өткөрүлүп, жеңүүчү - "Могилевлифтмаш" ААК жеткирүүчү аныкталган. Жабдуулар Бишкекке апрель айында алынып келинген. 8-декабрга карата "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы 416 үйдөгү 1007 лифтти тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий