• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-мэрлер Октябрь районунун санитардык абалын жана көрктөндүрүү иштерин текшерди

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Калаанын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Алимбек Абдылдаев, социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев Октябрь районун аймагын кыдырышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар райондук кызматтар, МАБдардын кызматкерлери менен №3, №4, №5 жана №6 кичирайондорун кыдырып, санитардык абалын жана көрктөндүрүү иштерин текшеришти.

Вице-мэрлер райондун, анын ичинде үйлөрдүн короолорун, үйлөрдүн ортосундагы аймакты санитардык тазалоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, акимдин тургундар менен жолугушуусунун жыйынтыгында №4 кичирайонунун №14 үйүнүн короосунда «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы ирригациялык түйүндөрдү орнотууда.

Бишкек мэриясы колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу күнү-түнү чалууларды кабыл аларын эскертет. Ал эми көйгөйлөрдү сүрөт жана видеолорун WhatsApp колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Пикир

Оставить комментарий