• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Вице-премьер Абдыгулов Астанага учат, анда соң Бишкекке Казакстандан делегаттар келет

Саясат 0

Бишкек, 1.12.17 /Кабар/. Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жана министрликтердин өкүлдөрү бүгүн Астанага учушат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги бардык фракциялардын лидерлери менен жолугушуу маалында билдирди.

Ал эске салып кеткендей, Минскте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, кыргыз-казак кызматташуусу анын ичинде чек арадагы абал жөнүндө сөз болгон.

“Биз чек ара “жол картасына” кол коюудан мурда ачылары тууралуу келиштик. Аталган документти макулдашуу үчүн жакын арада өкмөттүк жумушчу топ жолугушат жана чек арадагы маселени чечүүнү тездетүү да каралат”,-деди президент.

"Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баш болгон министрликтердин өкүлдөрү бүгүн Астанага аттанат. Андан соң Бишкекке Астанадан тиешелүү делегация келип, тараптар жол картасына кол коюшат”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууга мындан тышкары Президенттин аппарат жетекчиси Алмазбек Усенов, Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев, Президенттик Аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов катышышты.

Пикир

Оставить комментарий