• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Абдыгулов чек арадагы жүк унаалары маселеси кандай чечилерин айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 19.10.17. /Кабар/. КР вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов өкмөттүк делегациянын Казакстанга сапарынын жыйынтыгы боюнча , чек арадагы жүк унааларынын маселеси кандай чечилерин айтты.

Анын айтымында, сапардын алкагында тараптар 19-октябрь саат 00:00дөн тарта кыргыз-казак тарта өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамлекеттик чек арадан өтүүнүн жекек адамдар, туруктуу жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген автотранспорттук каражаттар, жеңил унаалар, куру жүк унаалары үчүн артыкчылыктуу тартибин камсыздоо макулдашылган.

“Ал эми жүк жүктөлгөн унаалар боюнча түзүлгөн жумушчу топтун алкагында иш жүргүзүлмөкчү”, - деди ал.

Ал Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлеринин биринчи орун басарларынын төрагалыгы алдында жумушчу топко 5 иш күнүнүн ичинде биргелешкен Жол картасын түзүү тапшырылганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий