• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер: Ачык айтыш керек, медициналык беткап тартыштыгы бар

Коом 0

Бишек, 23.03.20. /Кабар/. Ачыгын айтыш керек, медициналык беткап тартыштыгы бар. Мындай тартыштык Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев өкмөттө өткөн брифингдин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтуусуна караганда, күнүнө сыртта жүргөн бир адам кеминде 3-4 беткап колдонот.

"6 миллиондон ашуун калкы бар Кыргызстанда анчалык көлөмдө беткап жок. Ачык айтыш керек. Бирок ошол эле учурда акыркы он күндө Ош жана Бишкекте тигүү цехтери беткап чыгарууну колго алды. Даяр болгон беткаптар дарыканаларга жеткирилүүдө. Ишкерлер да беткап чыгууну колго алууга даяр экендиктерин билдиришүүдө", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14 кишини түзөт (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Андан тышкары, Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка таянсак, Пакистанга дааватка кеткен кыргызстандык бир жарандан коронавирус илдети табылган.

Пикир

Оставить комментарий