• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер: “Ачык Өкмөттүн” ишинин жыйынтыгын кызмат алуучунун көз карашы менен кароо керек

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Ачык Өкмөт Улуттук форумунун VII жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйында Улуттук форумдун VI отурумунун протоколун аткаруу, маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана Өкмөттүн жарандардын алдындагы отчётун жакшыртуу боюнча милдеттемелер жазылган 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы «Ачык Өкмөттүн» түзүлүшү боюнча аракеттердин Улуттук планында каралган милдеттемелерди жана иш-чараларды жүзөгө ашуруунун жүрүшү боюнча маселелер каралды.

Мындан тышкары жыйында айрым министрликтер жана мекемелер аракеттердин планына киргизилген бардык пункттарды өз мөөнөтүндө аткарбай жатканынын себептери каралып, иштерди активдештирүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Вице-премьер-министр Аракеттердин планын аткаруу тууралуу отчёт аткарылган милдеттемелердин жыйынтыгы жакшы, бирок кемчиликтер дагы бар экенин көрсөткөнүн айтты. Анын айтымында, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик органдар эмне үчүн айрым пункттар аткарылбай калгандыгынын себебине дыкат анализ жүргүзүүсү зарыл жана чараларды ыкчам кабыл алышы керек.

«Бардык мамлекеттик органдардын кызматкерлери «Ачык Өкмөттүн» пункттарын ишке ашырууга тейлөө кызматын алуучу катары тактап айтканда, натыйжада кандай жыйынтыкка жетишүү керектигин түшүнүү үчүн жаран катары кароого тийиш. Оң натыйжаны өлкө жарандары көрүп, сезип, бийликтин бардык бутактарына коомдук көзөмөл күчөтүлүшү керектигин баары түшүнүүлөрү керек», –деп баса белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр эске салгандай, Кыргыз Республикасы «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнө кошулганда, маанилүү жана стратегиялык максаттардын бири коррупцияны жоюу, мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын, калк үчүн ишмердүүлүгүнүн ачык, жеткиликтүү, түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушун камсыздоо болуп саналат.

«2020-жылы августта Кыргыз Республикасында «Ачык Өкмөттү» куруу боюнча эки жылдык Иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу жыйынтыктарын чыгарабыз жана бардык милдеттемелер аткарылат деп ишенебиз», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Маалымдама: «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгү (OGP) – ачык-айкындуулукту, жарандардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коррупцияга каршы күрөш жана башкарууну күчтөндүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонууну камсыз кылуу боюнча өкмөттөрдүн милдеттемелерин жүзөгө ашырууга багытталган көп тараптуу демилге.

Кыргыз Республикасы Өнөктөштүккө 2017-жылы кошулган, ал эми 2018-жылы 19 милдеттемени аткарууну кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий