• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер Өмүрбекова балдарды коргоо департаментин түзүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Балдарды коргоо департаментин түзүүнү сунуштады. Мындай сунушту Өмүрбекова балдарга катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча 2019-2020-жылдарга карата ведомстволор аралык иш-чаралардын планынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.

Балдарды коргоо тармагындагы саясатты ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары департаментин түзүү маселесин карап чыгуу зарыл деди Өмүрбекова.

Ошондой эле вице-премьер жергиликтүү деңгээлде балдарды коргоо боюнча социалдык иштер кызматын киргизүү керек деген пикирде.

"Балдарга орой мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча райондук штабдардын иштери жандандырылды, жашоо шарты оор балдарды ачыктоо үчүн үймө-үй кыдыруу жүрүүдө, бирок балдарга зомбулук көрсөтүлүп, кайгылуу аяктаган фактылар жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай катталууда", - деди Өмүрбекова.

"Мунун өзү ата-энесиз туугандарынын кароосунда тарбияланган жаш балдар зомбулуктан корголбой тургандыгынан кабар берет. Балдарды таштаган туугандары жана башка жактар алар тууралуу тийиштүү камкордук көрүп, тарбия бере албайт. Балдарын ишенип таштап кеткен адамдардын катарында ичкиликке берилген жактар да бар. Натыйжада балдар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болушууда", – деди Алтынай Өмүрбекова, жана ал мындай фактыларга ыкчам көңүл буруу керектигин белгиледи.

Буга байланыштуу вице-премьер-министр белгилегендей, аталган маселелер боюнча мурда берилген тапшырмаларды эске алуу менен балдарга карата катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу көйгөйүн чечүүдө бирдиктүү натыйжалуу кадамды иштеп чыгуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий