• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова: Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар жок

Ден соолук 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө Коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Отурумда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, штаб коронавирустун өлкөгө киришин алдын алуу жана республиканын аймагына жайылышына жол бербөө боюнча бардык тийиштүү чараларды көрүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин маалыматында, 2020-жылдын 13-февралына карата коронавирус менен ооругандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кытай Эл Республикасындагы кыргыз жарандарынын ден соолугун жана укугун сактоо боюнча иштерди жүргүзүү улантылууда.

Отурумдун катышуучуларына бүгүн Пекин-Алматы аба каттамы менен Кыргызстандын 40 студенти Алматы шаарына учуп келишкендиги, андан соң алар автобус менен Бишкекке алынып келингендиги кабарланды.

Алар тепловизор аркылуу текшерүүдөн өтүштү. Бардык студенттердин ден соолугу канааттандырарлык, оорунун эч кандай белгилери жок. Студенттер карантиндик зонада медициналык кароого жиберилди

Бардык келгендер коронавирус инфекциясына текшерүүдөн өтүүдө. Карантин мезгилинде келгендер менен медициналык кызматкерлер гана байланышат.

Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынган.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий