• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Вице-премьер Аскаров: 2018-жылы салыктык кирешелер 2017-жылга салыштырмалуу 13,4% өскөн

Экономика 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. 2018-жылы салыктык кирешелер 103,7 млрд сомду түзгөн жана 2017-жылга салыштырмалуу 13,4% же 12,3 млрд сомго өскөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде вице-премьер-министри Замирбек Аскаров өкмөттүн 2018-жылга карата отчёту боюнча билдирди.

«Ошону менен бирге өлкөнүн республикалык бюджетинин кирешеси 135,4 млрд сомду түздү. Бюджеттин чыгымдары атайын каражаттарды, МИП гранттарын эске алганда 142 млрд сомду түзгөн жана 2017-жылга салыштырмалуу 6,6% азайган. Өкмөт тарабынан чыгымдарды оптималдаштыруу жана чектөө боюнча көрүлгөн чаралар аркылуу республикалык бюджеттин тартыштыгы 2017-жылы 3,3%дан 2018-жылы 1,2% чейин кыскарган. Тышкы карыз 5,1% кыскарган, бул макроэкономикалык туруктуулуктун көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат», - деп билдирди Аскаров.

Ошону менен бирге вице-премьер-министр республиканын бир катар эл аралык рейтингдердеги позициялары жакшырганы, 2017-жылга салыштырмалуу 1,9% пайыздык катыш тууралуу айтып берди.

«Анын ичинде «Бизнес жүргүзүү» индексинде 7 позицияга жакшыруу бар. Муну менен катар «Төлөөгө жөндөмсүздүккө уруксат берүү»(+37позиций),«Эл аралык соода»(+14 позиция), «Миноритардык инвесторлорду коргоо»(+13 позиция) жана «Келишимдерди аткарууну камсыз кылуу» (+8 позиция) компоненттери боюнча позициялар жакшырганы белгиленет. Глобалдык атаандаштык индексинде 5 позицияга жакшыруу бар. Көрсөткүчтөрдүн өсүүсү инфраструктура (+ 2), макроэкономикалык туруктуулук (+ 24), рыноктун көлөмү (+ 7) боюнча байкалууда», - деди вице-премьер.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бюджеттин социалдык секторго чыгымдарынын үлүшү бюджеттин жалпы чыгымдарына карата 2017-жылы 51,8% болсо, 2018-жылы 55,2% чейин өскөн.

«Бюджеттин социалдык секторго чыгымдары 78,4 млрд сомду түздү. Пенсиянын орточо өлчөмү 3,2% көбөйүп, пенсиянын базалык бөлүгүн 1780 сом өлчөмүндө индексациялоо ишке ашырылган. Мындан тышкары өлкө боюнча орточо эмгек акысы 2017-жылы 15 391 сом болсо, 2018-жылы 16 218 сомго же 5,4% өскөн. Өткөн жылдын октябрынан тартып үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана саламаттык сактоо уюмдарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн жалпы практика дарыгерлеринин эмгек акысы индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы менен жогорулаган. Ошондой эле үй-бүлөлүк медайымдарга жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто кызматкерлерине базалык кызмат акысынын 30% өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленген», - деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу максатында 11 маданий мекеменин кызматкерлеринин айлык акысы 80% көтөрүлгөн.

«2018-жылы бюджеттен 440 объект боюнча 2,8 млрд сомго каржылоо ишке ашырылган. 2018-жылы социалдык-маданий маанидеги 156 объекттин курулушу жана оңдоо иштери аяктаган, алардын ичинде 111 билим берүү жана 8 саламаттык сактоо объектиси бар», - деп жыйынтыктады Аскаров.

Пикир

Оставить комментарий