• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер Аскаров элчилерди КР аймактарында биргелешкен ишканаларды ачууга чакырды

Өкмөт 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров элчилерди Кыргызстандын аймактарында биргелешкен ишканаларды ачууга чакырды. Бул тууралуу Нарындагы "Теңир Тоо" Эл аралык кызматташтык форумунун ишинде билдирди.

Иш-чара президенттин аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча жарлыгын ишке ашырууга арналган.

Форумдун катышуучуларына Нарын облусунун бир катар инвестициялык долбоорлорунун жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштардын бет ачарын уюштурушкан.

Форумга КР дипломатиялык миссиялардын жетекчилери, инвесторлор, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Замирбек Аскаров өз сөзүндө КР Өкмөтүнүн аймактарда бизнести өнүктүрүүгө багытталган негизги чаралары тууралуу белгиледи: жаңы ачылган ишканалар салыктык текшерүүлөрдөн 3 жылга бошотулган, чарбалык субъекттерди текшерүүгө мораторий киргизилген, айыл чарба кооперативдери, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, насыя бирикмелери, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү өнөр жайы, машина-трактордук станциялар, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор киреше салыгынан бошотулган, Бизнес-омбудсмен институту түзүлгөн.

Вице-премьер-министр форумдун катышуучуларына кайрылып, аймактарды өнүктүрүүнүн башаты – дал ушул аймактардын өздөрүнүн демилгелери экендигин белгиледи.

«Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан мындай форумдун уюштурулушу – бул абдан жакшы башталыш жана башка аймактар үчүн үлгү болуп саналат», - деди ал.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө облустун негизги долбоорлоруна токтолду.

«Нарын облусунун географиялык жактан абдан ыңгайлуу жайгашкан. Ошондуктан бул жерде ири соода-логистикалык борбор курулууда. Мында Кытай менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүгө болот. Ошондой эле мал чарбачылыгы боюнча алдынкы орунда турган аймакта эт комбинатын ачуу келечектүү долбоор болуп саналат. Өткөн жылы эле облуста 54 миң тонна экологиялык таза эт өндүрүлгөн. Бизнес үчүн ыңгайлуу дагы бир багыт – бул көмүр брикеттерин өндүрүү. Бул катуу отунду пайдалануунун жаңы түрү. Нарын облусу эң көп көмүр камына ээ. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын облусунда 1,1 млн тоннадан ашуун көмүр казылып алынган», - деп баса белгиледи Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр сөзүнүн соңунда катышып жаткан элчилерге кайрылып, өз ара кызыкчылыктарды жана алардын өлкөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен биргелешкен ишканаларды ачууга чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчилер, финансы мекемелеринин, ошондой эле эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү өз мүмкүнчүлүктөрү жана кызматташууга даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий