• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Вице-премьер Аскаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ачылган жаңы диализ борборуна барды

Ден соолук 0

Бишкек. 22.02.19 /Кабар/. Вице-премьер министри Замирбек Аскаров «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында диализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору боюнча ачылган диализдик борборго барды.

Бул мекеме Фрезениус Медикал Кэйр (Германия Федеративдик Республикасы) компаниясы менен «Гемодиализ кызматтарын уюштуруу» МЖӨ долбоору боюнча өнөктөштүктө ачылды.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, ГФР, Венгрия элчиликтеринин жана Фрезениус Медикал Кэйр компаниясынын жетекчилери катышышты.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө белгилегендей, бул Кыргыз Республикасында ишке ашырылган биринчи МЖӨ долбоору гана эмес, Борбор Азиядагы саламаттык сактоо тармагындагы алгачкы МЖӨ долбоору болуп саналат.

«Өкмөт мындай долбоорлорду ишке ашыруу жана колдоого өзгөчө көңүл бурат. Биз экономиканын бардык тармактарында МЖӨ механизмдерин активдүү киргизүүнү улантуу максатын көздөйбүз. Долбоорду жүзөгө ашыруу диализ кызматтарын жогорку деңгээлде көрсөтүү маселелерин чечүүгө багытталганы жана өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо кызматына зор таасир тийгизери абдан маанилүү. Биз калкыбызга жогорку сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө түз багытталган долбоорду ийгиликтүү ишке ашыра алдык», - деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал белгилегендей, диализдик борборлордун ачылышы, анын ичинде республиканын аймактарында ачуу Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын кыйла жогорулатууга шарт түзөт жана калкка өз убагында жана сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

«Бул Борбор долбоордун алкагында пландаштырылган диализдик борборлордун төртүнчүсү болуп саналат. Учурда МЖӨ боюнча социалдык чөйрөдө бир катар долбоорлор даярдоо баскычында турат: реабилитациялоо борбору, компьютердик томографтар, мектеп, бала бакчаларды куруу жана башка долбоорлор», - деди Аскаров.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын октябрында мындай алгачкы клиника МЖӨ алкагында Жалал-Абад шаарында ачылган. Мындан тышкары 2019-жылы Бишкек шаарында экинчи Диализ борборунун жана Ош шаарында клиниканын ачылыш пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий