• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Аскаров: Санариптик келечек келди, чочулоонун кереги жок

Экономика 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Централ Эйжа Интернэшнл санариптик активдеринин биржасынын» ачылыш салтанатына катышты.

«Централ Эйжа Интернэшнл санариптик активдеринин биржасы» ЖАК – бул акцияларды, облигацияларды, башка финансы каражаттарын, ошондой эле санариптик активдерди сатуу боюнча универсалдуу биржалык аянтча.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүнүн жылы» деп жарыялоонун алкагында өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

«Азыркы тапта санариптештирүү жана фискалдаштыруу республика боюнча кеңири жайылууда. Бүгүнкү иш-чара санариптештирүү жана фискалдаштыруу багытындагы күч-аракеттердин түздөн-түз натыйжасынын бири болуп саналат. Мындай долбоорлорду колдоо керек. Биржалык соода маданияты ишкананын листингге киришин талап кылат. Бул үчүн салык төлөп, бизнести ачык жүргүзүп, ал эми чыгарылган продукция сапаттуу болушу керек. Сапаттуу өндүрүмдү сатуу түшкөн пайдага таасирин тийгизет. Ал өз кезегинде акциялардын жана акционерлердин кирешелүүлүгүнүн өсүүсүнө, андан ары инвестициялардын өсүшүнө таасирин тийгизет», - деп белгиледи ал.

Долбоордун катышуучуларынын планы боюнча «Централ Эйжа Интернэшнл санариптик активдеринин биржасы» ЖАК ишмердүүлүгү бардык операциялардын чынжырчасын ишке ашырууга мүмкүн болгон аянттардын бири болору болжонууда.

Пикир

Оставить комментарий