• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Вице-премьер Аскаров: Тарифтерди жөнгө салуу боюнча иш-аракеттер төмөн деңгээлде калууда

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Тарифтер мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн сакталгандыгын камсыздоого тийиш. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Мамлекеттик антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин 2018-жылга карата ишмердигинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2019-жылга артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынында билдирди.

Коллегияда жөнгө салуучу агенттиктин бюджетке 162 млн сом көлөмүндө кирешелүүлүктү камсыздоо, 2018-жылы көмүрдүн баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө, 11,4 миңден ашуун баа жана тарифтерди жаңылоо боюнча күч-аракеттерине, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялоо процессиндеги активдүүлүгү боюнча күч-аракеттерине оң баа берилди.

«Ошол эле учурда, - вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өз сөзүндө белгилегендей, - тарифтерди жаңылоо жаатын жөнгө салуу темпи төмөн деңгээлде калууда. Мисалы, 2005-жылдан бери байланыш тармагындагы тарифтер кайра каралып чыккан эмес».

Ошондой эле коммерциялык жана мамлекеттик мекемелер менен ишканалардын ортосундагы атаандаштыкты камсыз кылуу маселеси козголду. Алсак, мамлекеттик медициналык мекемелерде кандын жалпы анализине тариф 84 сомду түзөт, ал эми коммерциялык мекемелерде – 250 сом, мамлекеттик мекемелерде канга толук анализ жүргүзүү 161 сом турса, коммерциялык түзүмдөрдө ал 300 сомду түзөт.

Бул боюнча Аскаров билдиргендей, «мындай айырма атаандаштыкка караганда коррупциялык көрүнүштөр үчүн өбөлгөлөрдү түзөт. Тарифтерде “бир өлкө – бир стандарт” принциби сакталышы керек».

«Тарифтерди дайыма кароону гана эмес, баалардын прейскурантын дагы камсыз кылуу зарыл деп эсептейм, анткени алардын негизинде баалар түзүлөт. Ушул багытта эсептөөлөрдүн методологиялык базасын өнүктүрүүнүөтө маанилүү деп эсептейм. Монополияга каршы орган өзү монополиялуу түрдө тарифтерди эсептөөгө жол бербеши керек. Каалаган кызыкдар жарандын тарифти өзү эсептей алуу мүмкүндүгү болушу керек. Эсептөөлөрдүн методикасы ачык жарыялоолордо жеткиликтүү болууга тийиш. Бүгүн интернет-технологиялар онлайн калькулятор орнотууга шарт түзөт. Колдонуучуларга агенттиктин сайтында бааларды өз алдынча эсептөө мүмкүндүгүн берүү зарыл», - деп сунуштады З.Аскаров.

Мамлекеттик бюджетти коргоо жаатында, коллегияда муниципалдык тейлөөлөргө карата тарифтерди көзөмөлдөөнүн өзгөчө мааанилүүлүгү белгиленди. «Муниципалдык ишканалар», - деди З.Аскаров, - өз тейлөөсүн жергиликтүү бюджеттин каражатына алынган жабдуулар аркылуу көрсөтөт. Бул дагы мамлекеттик бюджеттин бир бөлүгү. Ошондуктан баалардын түзүлүшү экономикалык жактан негизделип, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн сакталышын камсыздашы керек. Бүгүнкү күндө коммуналдык тейлөөлөр, жер-жерлердеги турак-жай коммуналдык чарбасы боюнча тейлөөлөр жана аларга карата тарифтер боюнча сын-пикирлер бар. Бул багытта жөндөөчүлөр да тийиштүү иштерди ыкчам жүргүзүүсү керек».

Вице-премьер-министр ошондой эле жөнгө салуучу тараптан «Жарнама жөнүндө» КР Мыйзамынын аткарылышына токтолду. Мамлекеттик тилде жарнамалоо көйгөйүнө басым жасалды.

«Бул маселе боюнча мыйзамдардын сакталышын тегиз камсыздоо керек. Керектөөчүлөр эмне сатып алып жаткандыгын, өз каражатын кайда жумшап жаткандыгын жана ал продукциянын сапатын билүүсү керек. Эч кандай чектен чыгууларга жол берилбеши кажет» – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Жөнгө салуучунун соода тармагындагы ишин мониторингдөөнүн жыйынтыгына да баа берилди.

«Отчетко ылайык, накталай эмес формада төлөм кабыл алуу үчүн POS-терминалдарды орнотуу аркылуу эреже бузуларды жоюу жөнүндө субъектилерге 40 эскертүү берилген. Бул ар кандай баалоолор боюнча, республикада 40 миңден ашуун контролдук-кассалык машиналар болуусу талап кылынган шартта орун алып жатат. Жалпыга белгилүү болгондой, көпчүлүгү накталай акчага иш алып барат, бирок терминалдарды активдүү киргизүү керек. Бир жагынан, банктык төлөм карталарын пайдаланган керектөөчүлөрдү чектөөгө болбойт, бардык соода түйүндөрү мыйзам алдында бирдей абалда болушу шарт. Бири ККМсыз, башкалары ККМ пайдалануу менен жана салык төлөө аркылуу иш алып баруусуна жол берилбеши керек. Өкмөт тараптан салык процедураларын фискалдаштыруу жүргүзүлүүдө. POS-терминалдарсыз жана онлайн ККМсиз бул мүмкүн эмес. Ошондуктан фискалдаштырууга тийиштүү башка мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттешүүнү өтүнөм», - деди вице-премьер-министр.

Жыйынтыгында Аскаров Бишкек шаарынын, Баткен жана Талас облустарынын подразделениелеринин жамаатына ишеним индексин жогорулатууну камсыздоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда ишеним көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө жол берген калган подразделениелерге карата тийиштүү чараларды көрүп, кабыл алынган чаралар тууралуу 2 жумалык мөөнөттө маалымат берилишин талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий