• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Вице-премьер Аскаров Түштүк Африкада: Жашыл экономика КР ар кыл багытта өнүгүп, күч алууда

Коом 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Кыргызстанда жашыл экономика темасы мамлекеттик саясаттын ар кыл багыты боюнча күч алууда. Бул тууралуу вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кейптаун шаарында (Түштүк-Африка Республикасы) өткөн PAGE 2019 министрлик конференциясында билдирди.

Ал билдиргендей, бул маселеде жарандык сектор, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр жана экспорттук жамаат тарабынан олуттуу көмөк көрсөтүлүүдө.

«Ушул жылы БУУнун Климатты өзгөртүү боюнча алкактык конвенциясынын кабыл алынганына 27 жыл толот. Ушул мезгилде биздин өлкө Киото протоколунан Париж Макулдашуусуна чейин олуттуу жолду басып өттү. Таза жана өзгөчө таза өнүктүрүү механизми, ошондой эле парник газдарынын эмиссиясына квоталарды сатуу аркылуу өз ара колдоо механизмдери ишке киргизилди. Учурда биз жашыл экономика принциптерин ишке киргизүүдөгү өнөктөштүк маселесин артыкчылыктуу санайбыз», - деди вице-премьер-министр.

«Ал эми тоолуу өлкөлөр, сиздерге белгилүү болгондой, планетанын суу берүүчү мунаралары болуп эсептелет. Зыяндуу заттардын сууга ташталышы суунун булганышына жана алардын суу менен андан ары кетишине алып келет. Бүгүнкү күндө жаратылыш ресурстарын жырткычтык менен пайдалануу белгилерин байкап жатабыз. Глобалдуу жылуулук мөңгүлөрдүн тез эришине алып келүүдө, бул өз кезегинде тез-тез суу каптоо кырсыктарына, суу ташкындарына жана жер көчкүлөргө алып келүүдө», - деди ал.

Акыркы жылдардагы башка демилге катары химиялык жер семирткичтерден баш тартып, айыл чарба продукцияларын өстүрүүнүн органикалык түрүнө өтүү саналат. Буга катар биз кичи ГЭСтерди тургузуу, күн энергиясын пайдалануу аркылуу энергиянын жаңырып туруучу булактарын кеңири жайылтуу үчүн чыгуудабыз.

Жогорку Кенештин жана Өкмөттүн биргелешкен акыркы демилгелериин бири катары республиканын аймагына полиэтилен баштыктарын жана пластик идиштерди киргизүү, аны өндүрүү, сатуу жана пайдаланууга тыюу салуусу эсептелет. Булар жана башка жасалып жаткан көрптөгөн иштер Кыргыз Республикасынынжашыл экономика принцибин карманаарын билдирет.

Замирбек Аскаров конференциянын катышуучуларын жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча иштиктүү чараларга басым жасоого чакырып кетти.

«Бүгүнкү күндө практикалык иш-аракеттер кыйла маанилүү. Дал ушул максатта PAGE өнөктөштүгүтүзүлгөн. Мурда кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу, жетишилген натыйжаларды кеңейтүү (dissemination), экологиялык долбоорлордун алкагында каржылоого жетүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча методологиялык негиздерди иштеп чыгууга көңүлүңүздөрдү топтоону сунуш кылам», - деди ал.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр ошондой эле КР туруктуу өнүгүүгө, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жетишүү максатында жашыл экономика принциптерин ишке киргизүү боюнча бир катар чаралар жүргүзүлгөндүгүн маалымдады.

Маалымдама: PAGE - Инициатива агентств ООН «жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракеттери» БУУ агенттиктеринин демилгеси.

Пикир

Оставить комментарий