• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-премьер бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган негизги чаралар тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде өкмөттүн 2018-жылга карата отчету боюнча айтып берди.

Аскаров өз сөзүндө депутаттарды бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган негизги чаралар тууралуу айтып берди. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү – ишкерлик субъекттерин көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө эки жылдык мораторий киргизүү жана Бизнес-омбудсмен институтун түзүү.

«Мындан тышкары ишкерликти тейлөө борборлорун түзүү боюнча Концепциянын долбоору иштелип чыкты, Бизнес-омбудсмен институту түзүлдү, Юстиция министрлигинин сайтында юридикалык жактарды онлайн-каттоо тесттик режимде иштеп баштады. Республикада ишкерлик кылуу шарттарын жакшыртуу жана ишкерлик субъекттеринин жана мамлекеттик органдардын ортосундагы талаштарды чечүү механизмдерин киргизүү максаттарында Өкмөт Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына – «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы третей соттору жөнүндө», «Медиациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыкты», - деди Замирбек Аскаров.

Ал белгилегендей, процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо процесстеринде мөөнөттөрдү кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыкты жана жаңы редакциясынын долбоору биринчи окууда жактырылды.

Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканаларына инвестицияларды өбөлгөлөө максатында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330, 344-беренелерине ылайык, «Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыккан.

Бул токтом долбооруна ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары Кыргыз Республикасынын бардык шаарлары, «өсүү түйүнү» болгон калктуу аймактар, республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды алуучу айылдык аймактар (трансферттер) преференциалдык калктуу конуштар катары аныкталган.

Тизмеге өнөр жай ишмердүүлүгүнүн төмөнкү багыттары кирген:

- өнөр жай өндүрүшүнүн инновациялык технологияларга негизделген бардык түрлөрү;

- жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;

- электр энергетикасы;

- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү;

- жыйым өнөр жайы;

- ар кандай экспортко багытталган өндүрүш.

Ишканалар долбоорго ылайык, 5 жылдык мезгилге узартуу мүмкүнчүлүгү менен салыктын 4 түрүнөн бошотулат: мүлк салыгы, жер салыгы, киреше салыгы, сатык салыгы.

Пикир

Оставить комментарий