• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер Боронов: Биз Кытайга карыздардын акысына жерибизди бербейбиз

Коом 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. "Биз Кытайга карыздардын акысына жерлерибизди бербейбиз", – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн өкмөттө өткөн маалымат жыйынында.

Анын айтуусунда, коомчулукта акыркы күндөрү Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда болгон тыгыз кызматташуу жана ошол менен бирге Кытайдан алган карызды төлөй турган маал келгенде Кыргызстан төлөй албай жерлерин акысына берет деген коркунучтар көп айтылууда.

"Бизде Кытайдын каражаттарына иштетилип жаткан бир нече долбоорлорубуз бар. Акыркы күндөрү коомдо Кытайлык карыздын акысына биз өз өлкөбүздү берүүгө муктаж болобуз деген сөздөр айтылууда. Бул туура эмес. Бул билдирүүлөрдү өлкөдө абалды дестабилдештирүү максатына таратып жатышат. Келишимдерде мындай норма жок. Кредиттерди төлөөнүн туу чокусу келгенде биз аларды оңой эле төлөп, баардык кредиттик милдеттенмелерди кайтарып алабыз", - дейт Боронов.

Пикир

Оставить комментарий