• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-премьер Боронов: Электр энергиясына болгон тариф өзгөрбөйт

Коом 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. Электр энергиясына болгон тариф азырынча өзгөрбөйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ – ТЭЦ) авариянын себептерин изилдөө жана аны калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча маалымат угулуп жатат.

Айрым депутаттар светке болгон тариф тууралуу сөз кылып, тариф өзгөрүшү мүмкүнбү деген суроо узаткан.

Кубатбек Боронов өкмөт электр энергиясына болгон тарифтин жогорулашы тууралу маселени караган жок, – деп жооп кайтарып, – Башкы прокуратуранын сунушу бар, бирок чечим кабыл алынбаганын билдирди.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн өзү акташы маселе болуп турат деген.

"ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 2,90 сом, ал эми сатуу наркы 0,7 сом. Демек, карыздан кутулуш үчүн электр энергияга болгон тарифтердин баасын көтөрүш керек болот. Бул биздин жарандарга түздөн түз материалдык жактан түйшүк алып келет дегенди билдирет", - деп билдирген Жамшитов.

Эске салсак, 2015-жылдын 1-августунда калк үчүн электр энергиясына социалдык тарифтер 700 киловаттка чейин колдонгондорго 77 тыйын, андан ашык колдонгондорго 2,16 сомдон бекитилген. Жылуулук үчүн жарандар гигакалория үчүн 1 миң 134,7 сомдон төлөшөт.

Пикир

Оставить комментарий