• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-премьер Боронов: «ЮрАзиянын» уран кенинин жабылышы боюнча дооматы жок

Коом 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламентте «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы лицензиясынын алынгандыгына байланыштуу дооматы жок экенин билдиргенин айтты.

«Биз «ЮрАзия» менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алар коомчулуктун тынчсыздануусун туура түшүнүп, эч кандай дооматсыз макул болушту», -деди ал.

Апрелде Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак кенинде уран казуу планы тууралуу маалыматтар пайда болгондон кийин өлкө боюнча уранга каршы митингдер башталган. Активисттер петиция түзүп, Бишкекте жана кендин өзүндө нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Бүгүн дагы Каракол шаарында уран казууга каршы митинг өтүүдө. «Азаттыктын» Ысык-Көлдөгү кабарчысынын айтымында, иш-чарага болжол менен 40 адам катышууда.

Таш-Булак уран кени Ысык-Көл менен Нарын облусу кесилишкен жерде орун алган.

«Кыргызстандагы ЮрАзия »компаниясы кенде чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча лицензияны 2010-жылы алган. Компания уран казууда коопсуз технологияларды колдонорун, экологияга эч кандай зыян келбей турганын билдирген. Инвесторлор чалгындоо жумуштарына 271 миллион сом коротушканын айтышкан.

22-апрелде өкмөт уран кенин чалгындоо жана казуу үчүн берилген лицензияларды кайтарып алган. Бул арада айрым депутаттар Кыргызстанда уранды казууга 2070-жылга чейин тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Кыргызстанда уран кенин чалгындоо боюнча баш-аягы 18 лицензия берилген.

Пикир

Оставить комментарий