• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Вице-премьер Боронов Ысык-Көлдөгү кырсыктан жабыркаган объектилерди кыдырды (фото)

Аймак 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө кырсыктан жабыркаган райондорду кыдырды.

Боронов катуу шамалдан жабыркаган обьектилердин абалы жана аларды калыбына келтирүү боюнча чаралар менен таанышты.

Тактап айтканда, Балыкчы шаарында ал Ч.Айтматов атындагы №5 орто мектепке барды, анда жалпы аянты 550 чарчы метр келген чатыр бузулган, ал эми Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин 75 даана шифери шамалга талкаланган.

Мындан тышкары, Ысык-Көл районунда биринчи вице-премьер-министр катуу шамалдан жабыркаган турак-жайды көрдү. Учурда ал жараксыз абалга келген.

Үй ээлеринин айтымында, алар турак-жайын камсыздандырууга жетишкен жана аны калыбына келтирүү үчүн тийиштүү төлөмдөөрдү күтүүдө.

Боронов республика боюнча жер көчкү жана сел жүрүүчү аймактар жайгашкандыгын эске алуу менен, турак-жайды өрттөн жана башка жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү түрдө камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул окуя көпчүлүк үчүн мисал болуп саналат, өзгөчө кырдаалдардан эч ким кепилденген эмес, бирок үй камсыздандырылган болсо, турак-жайды калыбына келтирүүгө жана үйсүз калбоого мүмкүнчүлүк бар. Муну адамдардын түшүнүүсү зарыл, ошондуктан калктын маалымдар болушу маанилүү роль ойнойт. Бүгүнкү күнү облус боюнча жабыркаган 300 үйдүн ичинен 14ү гана камсыздандырылган», - деп белгиледи ал.

Ошону менен бирге биринчи вице-премьер-министр Ысык-Көл районундагы учурдагы абал менен таанышты, мында катуу шамалдан улам жогорку кубаттуулуктагы чубалгы мамычалары жабыркаган.

Жумуш сапарынын жүрүшүндө Боронов облустун Чолпон-Ата, Каракол шаарларында, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда катуу шамалдын кесепетинен материалдык зыян келтирилген бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Сапардын жыйынтыгы боюнча Боронов белгилегендей, Өкмөт тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөт.

Жумуш сапардын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилерине кырсыктын кесепетин ыкчам жана сапаттуу четтетүүгө багытталган тапшырмалар берилди.

Анын ичинде бир катар объектилер боюнча жараксыз болуп калган курулуш материалдарын эске алуу менен аларды калыбына келтирүү боюнча чыгымдардын сметасын түзүү зарыл.

Мындан тышкары завод баасында шифер сатып алуу жана аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин транспорту менен тийиштүү жерге жеткирүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий