• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Вице-премьер Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты, анын жүрүшүндө министрликтин 2018-жылкы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

ӨКМ статс-катчысы Азамат Мамбетов маалымдагандай, 2018-жылы республика боюнча жалпысынан ар кыл мүнөздөгү 99 кырсык катталган, анын натыйжасында, 1 млрд сомдон ашуун материалдык зыян келип түшкөн.

Анын айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу кырсыктардын жана курмандыктардын саны кескин кыкаргандыгына карабастан, материалдык жоготуулардын суммасы 15 % өскөн. Бул өлкөнүн ар кыл ири рынокторунда бир нече ирет өрт чыгуусуна байланыштуу орун алган.

Ошондой эле Азамат Мамбетов жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана анын алдын алуу, издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка шашылыш иштерди уюштуруу жана жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө кеңири маалыматты сунуштады.

Боронов министрликтин талдоо ишин күчтөндүрүүнүн жана өзгөчө кырдаалдардын ыктымалдыгын кыскартуу максатындагы иш-чараларды өз учурунда жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Буга катар ал жетекчилик тараптан көзөмөлдү күчөтүүнүн жана ӨКМ кызматкерлеринин аткаруучулук тартибин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин өзгөчөлүгү бардык иш-чараларга жана тапшырмаларга ыкчам жооп кайтарууну талап кылат. Кээде айрым маселелердин чечилиши түшүнүксүз себептерге байланыштуу создуктурулуп жаткандыгына күбө болуудабыз. Сиздердин иште мындай нерсеге жол берилбеши керек», - деди Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр ӨКМ жетекчилигинин көңүлүн кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды өз учурунда көчүрүү, бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу өздөштүрүү, ошондой эле башка тийиштүү мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттешүүнү күчтөндүрүү маселесине бурду.

Мындан тышкары, Боронов белгилегендей, президенттин жарлыгын ишке ашыруу алкагында ӨКМ жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин санариптештирүүгө колдон келген күч-аракетти жумшоо зарыл.

Коллегиялык жыйын соңунда министрликтин жетекчилигине бардык талкууланган маселелер боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий