• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандагы калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.02.19 /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Росатом» Россия мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен «Уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо» өлкөлөр аралык максаттуу программасынын экинчи этабын ишке ашыруу маселесин талкуулоо боюнча жолугушту.

«Биз бул Программадан уран өндүрүүчү жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн таасирине кабылган КМШга мүчө-өлкөлөрдүн аймагындагы радиоэкологиялык кесепеттерге ээ өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин кыскартууну, рекультивациялык иштердин технологиясынын иштелип чыгуусун жана аталган аймактардагы калктын социалдык реабилитацияланышын жана коопсуз жашоо шарттарынын камсыздалышын күтөбүз», - деди Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кажы-Сай айылындагы жакында жыйынтыкталчу калдык сактоочу жайдагы рекультивациялык иштер тууралуу оңдуу пикирин билдирди.

«Жакынкы мезгилде аталган объект ишке берилээри кубанычтуу. Аткарылган иштин жыйынтыгында айыл аймагында радиациялык коопсуздук камсыздалаарына ишенем. Ага ылайык, аталган жайдын туристтер үчүн жагымдуулугу артылып, Кажы-Сай айылынын тургундарынын социалдык деңгээли жогорулайт. Буга катар Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайды которуу жана рекультивациялоо боюнча иш-чаралар беекитилген мөөнөттө жана бардык талаптарга ылайык аткарылаарына ишеним билдирем», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде башкы директордун орун басары – «Росатом» корпорациясынын эл аралык ишмердүүлүк блогунун директору Николай Спасский маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын март айында Кажы-Сай обьекти боюнча бардык аткаруу документтери тапшырылып, анын ишке берилиши камсыздалат.

«Биз аталган долбоордун артыкчылыгын жана маанилүүлүгүн түшүнөбүз, ошондуктан бардык иштер сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылууда. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кесипкөй кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиргим келет», - деди ал.

Маалымсдама: КМШ алкагында 2013-жылы «Уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо» өлкөлөр аралык 2013-2023жылдарга каралган максаттуу программасын ишке ашыруу башталган.

Максаттуу программаны ишке ашырууну каржылоо булактары болуп Программаны ишке ашырууга мүчө-мамлекеттердин төлөм эсебинен КМШ Аткаруу комитетинин бюджети саналат. Аталган программа алкагында Кажы-Сай жана Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо каралган. Программа эки этапта ишке ашырылат.

Биринчи этапта (2013 – 2016-жылдар) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан реабилитациялоого жаткан биринчи кезектеги объектилер тандалып, тандалган объектилерди реабилитациялоо боюнча техникалык чечимдер иштелип чыккан, инженердик иликтөөлөр аткарылып, обьектилерди рекультивациялоонун долбоордук документтери иштелип чыккан.

Экинчи этапта (2017 – 2023-жылдар) биздин өлкөдөгү тандалып алынган радиациялык жактан кооптуу обьектилерди рекультивациялоо боюнча курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Учурда жалданма компания тарабынан Кажы-Сай айылындагы калдык сактоочу жайдагы рекультивациялык иштер жыйынтыкиталып, ишке берүүгө даярдык жүрүүдө. Миң-Куш айылында рекультивациялоо боюнча курулуш-монтаждоо иштерин өткөрүү үчүн даярдык иштери (убактылуу курулуштар, технологиялык жолдор) жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий