• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Вице-премьер эмне себептен коронавирус жана пневмониянын статистикасы бириктирилгенин айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова эмне себептен коронавирус жана пневмониянын статистикасы бириктирилгенин айтып берди.

Анын билдирүүсүндө, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ооруканадан сырткары пневмония коронавирустун бир бөлүгү катары саналат.

“Коронавирус жана пневмониянын статистикасын бириктирүү чечимин кабыл алдык. Бул маселе бир топ эксперттер менен ар кандай деңгээлде бир нече ирет, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери менен талкууланган”, - дейт ал.

Исмаилова төмөнкү себептер боюнча статистиканы бириктирүү керек деген натыйжага келгендиктерин айтат.

• Оорунун чыныгы масштабдарын көрүүгө мүмкүндүк берет;

• Эпидемиологиялык абалдын мындан аркы өнүгүү моделин болжолдоого көмөк берет;

• Эпидемияга каршы күрөштүн туура стратегиялык багытын иштеп чыгып, муктаждыктарды туура пландаштырууга жардам берет.

“Беткап кийүү эрежесин, гигиеналык талаптарды сактоо керек жана оорунун алгачкы белгилери байкалган күндөн тарта обочолонуп, ден соолукту көзөмөлгө алыңыз. Дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонбоңуз”, - деп белгиледи Исмаилова.

Пикир

Оставить комментарий