• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Вице-премьер эттин баасы эмне себептен жогорулап кеткендигин айтты

Экономика 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Эттин баасы коңшу Өзбекстанга тирүү малды экспорттоого уруксат берилгенден кийин көтөрүлө баштаган. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, малды экспорттоого тыюу салынганына карабастан эттин баасын мурунку калыбына келбей жатат.

“Бул табигый нерсе, анткени баалар көтөрүлүп кеткенде аны кайра түшүрүү кыйын. Ошондой эле этти БАЭ экспорттойт, бул дагы эттин баасына таасирин тийгизет”, - дейт ал.

Кармышаков эттин баасынын жогорулашын малдарга берилчү жемдин кымбатташы менен түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий