• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Вице-премьер Исмаилова дарыгерлерди клиникалык протоколдун негизинде иштөөгө чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жарандар дексаметазон, эуфиллин жана ушул препараттардын негизинде жасалган химиялык аралашмаларды колдонбошу керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, адистер интернет тармагында жарыяланган дары-дармектерди алуудан оолак болууга чакырат.

“Ар бир өлкө саламаттык сактоо тармагында өзүнүн улуттук протоколун иштеп чыгууда жана медиктердин аны сактоосун талап кылууда. Коронавирус жуктургандарды дарылоо эрежелери маал-маалы менен кайра каралып жатат. Акыркы клиникалык протокол 8-июнда иштелип чыккан. Мурунку күнү Саламаттык сактоо министрлиги амбулатордук дарылануунун жаңы алгоритмин киргизди. Дарыгерлерди клиникалык протоколдун негизинде иштөөгө чакырам. Жарандар болсо өзүн-өзү дарылабай, ошондой эле интернетте айтылган дары-дармектерди колдонбошу керек”, - дейт ал.

Исмаилова чет өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жаш курактагы жарандар да коронавирустан көз жумуп жатканын айтат.

Пикир

Оставить комментарий