• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-премьер Исмаилова Кытайдан келген медициналык эксперттик топ менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова өлкөгө Кытай Эл Республикасынан келген медициналык эксперттик топ менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Белгилей кетсек, Эксперттик топ келгенден бери Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине барып, мекеменин иши менен таанышып, лабораториялык аныктоо, ооруну аныктоо алгоритми, жакын байланыштагыларды обочолонтуу боюнча, Кытайда эпидемиологиялык изилдөөлөрдө колдонулган ыкмалар жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Ошондой эле Эксперттик топ Карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулардын республикалык борборунда болушуп, мында жергиликтүү адистер менен коронавирус инфекциясын алдын алуу чараларын, эпидемияга каршы жана дезинфекциялоо иш-чараларын талкуулашты. Адистер Кытайдын COVID-19 менен күрөшүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, кыргызстандык медицина кызматкерлеринин суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлери үчүн коронавирус инфекциясын алдын алуу жана дарылоого тийиштүү темалар боюнча онлайн-семинарлар уюштурулду.

Эксперттик топтун кыргызстандык медицина кызматкерлери үчүн онлайн-семинарларына республика боюнча ар түрдүү адистиктердеги 700дөн ашуун адам катышты.

Ата мекендик дарыгерлер жаңы типтеги коронавирус инфекциясы тууралуу практикалык билим алышып, Кытайдын коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий