• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-премьер Исмаилова өлкөдөгү жеке коргонуучу каражаттардын запасы тууралуу маалымат берди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн брифингдин жүрүшүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөдөгү жеке коргонуучу каражаттардын запасы тууралуу маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, 7-майга карата саламаттык сактоо уюмдарындагы бир жолку кийилүүчү коргонуучу костюмдардын саны 52 миң 886 даананы түзөт. Көп жолку кийилүүчү коргонуучу костюмдар болсо 19 миң 524тү түзөт.

"Респиратор 98 миң 405 даана жана 1 миллион 460 миң 924 даана беткап бар. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу жеке коргоочу каражаттарды сатып алууга 188 млн сом өлкөдөгү саламаттык сактоо мекемелерине бөлүнүп берилген. Мындан тышкары, эпидфонддун эсебинен жеке коргонуучу каражаттарга финансы каралган", - дейт ал.

Исмаилова билдиргендей, дагы кошумча 40 миң жеке коргоочу комплект сатылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий