• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Исмаилова Польшадан келген медициналык адистер менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык бюросунун кеңсесинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү алкагында өлкөгө Польшадан келген медициналык адистер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр өлкөгө медициналык эксперттер тобунун өз учурунда келгендигин жана жер-жерлерде атамекендик медициналык кызматкерлер менен биргелешкен кызматташуусу орун алып жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө адистердин байкоолорунун жыйынтыгы чыгарылып, кырыгыз адистери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча пикир алмашуу орун алды.

Өз кезегинде польшалык врачтар кыргыз дарыгерлеринин кеспипкөйлүгүнө жана ооруканалардын жабдылышына жогору баа берди.

Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын дарыгерлерине жана Польшадан келген медициналык эксперттерге, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Польшадан келген дарыгерлер тобу Кыргыз Республикасынын аймактык ооруканаларына барып, биздин врачтар менен биргеликте оорулууларды карап чыгып, медициналык кызматкерлердин оору жугузуп алуу себептерин талдоого алышат.

Белгилесек, 19-апрелде Кыргыз Республикасына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польша Республикасынан курамында 8 адистен турган медициналык топ келген. Медиктер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңсесинин башчысы Назира Артыковалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий