• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Исмаилова ШКУнун Салттуу медицина боюнча форумунун ишине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Шанхай кызматташтык уюмунун Салттуу медицина боюнча «COVID-19 эпидемиясына каршы биргелешкен күрөштө салттуу медицинанын уникалдуу ролу» темасына арналган видеоконференция форматында өткөн форумунун ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы бардык жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди аткаруу менен катар ШКУ алкагындагы кызматташтыкты тышкы саясаттын келечектүү багыттарынын бири катары карайт.

«Дүйнөдө болуп жаткан жалпы тенденцияны эске алуу менен уюм алкагында саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү менен катар гуманитардык өз-ара аракеттешүү, тактап айтканда, саламаттык сактоо жаатында ишти активдештирүү зарыл.

Бул багытта жигердүү кадам катары ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы адамзатка чакырык таштаган коронавирус пандемиясына каршы күч-аракетин бириктирүү болуп саналат. Ушул татаал учурда биз ШКУ Хартиясында бекитилген ШКУ негизги принциптеринин кыйшаюусуз аткарылышын, мүчө-мамлекеттердин Уюмдун негизги максаттарын жана принциптерин жактоосун көрсөтүп, өз-ара колдоо көрсөтүүбүз керек. Биз коомдук саламаттык сактоо багытында тыгыз кызматташып, эпидемия коркунучтарына каршы биргелешип күрөшүүбүз зарыл», - деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылар кеңешинин XIX кеңешмесинин жүрүшүндө жетишилген саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу консенсусту ишке ашыруу, ошондой эле калктын ден-соолугун коргоону жакшыртуу, өзгөчө COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө саламаттык сактоо деңгээлин жогорулатууда ШКУ өлкөлөрүнүн салттуу медицинасынын жетишкендиктерин аныктоо максатында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий