• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер Исмаилова Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Оорукананын абалы жана медициналык кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышуу учурунда кеңешме өтүп, анда Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Альсира Момуналиева, Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын директору Мирлан Атакулов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн начальниги Бек Ногойбаев катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө тийиштүү компенсациялардын төлөнүп берилиши, обсервациялык орундардын жетиштүүлүгү, кызыл зонада иштеген медициналык кызматкерлердин тамактануусу, ошондой эле акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөтүлгөн кызматкерлер боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле вице-премьер-министр обсервациядагы медициналык кызматкерлер менен жолугушуп, алардын шарты менен таанышып чыкты. Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасынын жетекчилигине медициналык кызматкерлер менен жолугушууда аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий