• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Өмүрбекова: 2018-жыл атамекендик спорт үчүн ийгиликтүү жылдардан болду

Коом 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. 2018-жыл атамекендик спорт үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынында билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө ведомствонун 2018-жыл үчүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, ошондой эле 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттери талкууланды. Мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов жана анын орун басарлары тейлеген багыттары боюнча тийиштүү маалымат беришти.

Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө 2018-жыл атамекендик спорт үчүн абдан ийгиликтүү жылдардан болгондугун баса белгиледи. Атап айтканда, Бишкек шаарында өткөн Азиянын спорттук күрөш боюнча чемпионатын, атамекендик спортчулардын Индонезиядагы Азия оюндарындагы ийгиликтүү оюн көрсөтүшүн, Ысык-Көл облусундагы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлүшүн, ошондой эле Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын БАЭ Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышын белгилөөгө болот.

Жалпысынан алганда, 2018-жылы атамекендик спортчулар ар кыл ири эл аралык спорттук иш-чараларда 499 медалды жеңип алган.

Ошону менен бирге вице-премьер-министр спортчуларды даярдоо тутумун мындан аркы, анын ичинде эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын жана спорттук стипендияларды жогорулатуу, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде бардык эл аралык стандарттарды эске алуу менен олимпиадалык борбордун курулушун баштоо жөнүндө чечим биздин спорттун келечектүү өсүүсүн өбөлгөлөйт деп ишенебиз», - деди ал.

Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, спорттук жалпы иш-чараларды жайылтуу жана өлкө калкын сергек жашоого үндөөнү күчөтүү боюнча иштерди активдештирүү зарыл.

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова айрыкча белгилегендей, өлкөнүн жаштар саясатында позитивдүү өзгөрүүлөр бар. Муну менен катар анын айтымында, ар кыл маселелер боюнча акыркы чечимдерди кабыл алууга жаштар демилгелеринин таасирин күчтөндүрүү керек.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, 2019-жылы төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл:

- 2020-2030-жылдарга карата Жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу;

- Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында «Балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шаарлар» долбоорун ишке ашыруу;

- «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук тутуму аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө которуу;

- спорттун массалык түрлөрүн, анын ичинде футбол жана башкаларды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программаларын иштеп чыгуу.

Пикир

Оставить комментарий