• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Вице-премьер Өмүрбекова: Балдарды сапаттуу жана коопсуз жайкы эс алуу менен камсыздоо зарыл

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында Балдар жана өспүрүмдөр үчүн жайкы эс алууну уюштуруу боюнча республикалык штабынын жыйыны өттү.

«Балдардын ден соолугун чыңдоочу жана мектептер алдындагы лагерлерди, ошондой эле жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун алдыдагы жайкы сезонго даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Биринчи кезекте балдардын бул мекемелерде коопсуз жүрүүсүн, санитардык ченемдердин сакталышын жана кырсыктарды болтурбоо маселелерин чечүү керек. Биз балдар жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусу учурунда бир дагы кырсыкка жол бербешибиз керек», - деди ал.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова жайлоодо өнүктүрүү борборлорун уюштуруу, ийримдер ишмердиги, мектептер алдындагы лагерлерди уюштуруу тууралуу маалымат берди.

«972 мекеме 112 миң баланы камтыйт. Мектептер алдындагы 818 лагерде үч жолку тамак каралган. Быйыл республиканын 30 районундагы жайлоолордо 100 борбордун ачылышы пландалууда. Бардык билим берүү объектилери медициналык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот», - деп билдирди ал.

Вице-премьер-министр ар бир облуста балдар лагерлерине жолдомолорду бөлүштүрүү комиссияларын түзүүнү тапшырды.

«Мында жашоо шарты оор жана өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган балдарга басым жасоо керек. Эки жумалык мөөнөттө бардык балдар лагерлерин изилдеп, алардын жайкы сезонго даярдыгын текшерүү зарыл. Балдардын сапаттуу жана коопсуз эс алуусу үчүн бардык күчтөрдү жумшоо шарт. Көл жана көлмөлөр жээгинде жайгашкан балдардын эс алуу жайларында коопсуздукту камсыздоо, өрт коопсуздугун уюштуруу жана тийиштүү окууларды өткөрүү маанилүү», - деди ал жана экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы парктардагы бардык аттракциондорду коопсуздук техникасына ылайыктуулугун текшерүүсү керектигин кошумчалады.

Республикалык штабдын жыйынынын алкагында Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Кыргызстандын Кесиптик кошундар федерациясы, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бизнес-коомчулукту, коомдук бирикмелерди, уюмдарды жана жеке жактарды балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлордун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү процессине тартуу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тутумун өнүктүрүү сунуштарын даярдоо тапшырылды.

Мындан тышкары оор турмуш шартындагы балдарды лагерлерге жолдомо менен кеңири камтуу жана каникул мезгилинде балдарды чыгармачылык жактан өнүктүрүүгө шарттарды түзүү үчүн кошумча финансы каражаттарын табуу тапшырмасы берилди.

Жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова «Акыркы коңгуроо» майрамынын алдында мектептерде жана Балдарды коргоо күнүндө балдар жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоону тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Маалымдама: Жыл сайын жашоо шарты оор балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоого республикалык бюджеттен 5 миллион сом бөлүнөт. 1000 ашуун бала жайкы лагерлерге жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий