• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вице-премьер Өмүрбекова: Балдарга карата зомбулук — коомдук көйгөй

Өкмөт 0

Бишкек, 21.02.19 /Кабар/. Балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу жана ага тыюу салуу мамлекетик деңгээлде комплекстүү чечүүнү талап кылган актуалдуу жана курч көйгөйлөрдүн бири катары калууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «балдарга карата зомбулуктун алдын алуу маселесине арналган тегерек стөлдө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2028-жылдарга Балдарды коргоого алуу жана үй-бүлөнү колдоого алуу программасын ишке ашыруу алкагында Балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча 2019-2020-жылдарга планы иштелип чыккан жана бекитүү алдында турат», - деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр билдиргендей, ата-энелеринин кароосуз калган балдарды үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыздоо иретинде асырап алуучу (фостердик) үй-бүлө институту ишке киргизилүүдө, 2014-2018-жылдарга дейре 177 асырап алуучу (фостердик) үй-бүлө окутулуп, сертификацияланган, асырап алуучу (фостердик) үй-бүлөнүн тейлөөсү менен 98 бала камсыздандырылган.

«Балдарды кароого алуунун альтернативдик үй-бүлөлүк формасын өнүктүрүү ата-энесинин кароосуз калган балдарга, анын ичинде, мигранттардын балдары жөнүндө тийиштүү камкордук көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга катар үй-бүлөдөгү балага карата зомбулук көрсөтүү жеке көрүнүш катары каралбастан, коомдогу сергектиктин жана адам укугунун бузулушу жаатындагы олуттуу көйгөй катары каралышы абзел. Коомдо балдарга карай зомбулукка жол берилбеши тууралуу түшүнүк сиңирилиши керек, анткени, чөйрөнүн көйгөйүнө кошкөңүл мамиле кылуу аркылуу жалпыбыз унчукпастан кылмышка катышуучу катары кабылдануубузга жол берилүүдө», - деп билдирди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, балдарга зомбулук көрсөтүү жана балдардын кылмыштуулугу — жалпы коомдун көйгөйү жана ал коомдук уюмдарды жана мекемелерди тартуу менен мамлекеттик органдардын биргелешкен күч-аракети аркылуу чечилиши кажет.

«Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүнүн жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттерин жүргүзүүдө ведомствого караштуу аймактагы үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалын мүнөздөгөн статистикалык маалыматтар жана мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана кызматтардын алардын кызыкчылыгында ишмердик жүргүзүүсү үчүн керектүү маалымат менен алмашуу иштин маанилүү түрү болуп саналат. Мамлекеттик органдардын, бирдиктүү маалыматтардын өз ара так аракеттешүүсүнө жетишүү үчүн ЮНИСЕФтин колдоосунда оор турмуш шартындагы балдар тууралуу маалыматтык-аналитикалык базаны иштеп чыгуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Аны киргизүү мамлекеттик органдардын өз ара активдүү аракеттешүүсүн, балдардын жеке муктаждыктарынын негизинде аларга керектүү кызматтарды өз убагында көрсөтүүнү шарттайт. Бул база он-лайн режиминде иштейт», - деп ырастады ал.

Вице-премьер-министр өз ара аракеттешүүнү уюштуруунун аксап жатканына, бул багыттарда ишмердикти координациялоо боюнча мамлекеттик органдарда, ошондой эле башка алдын алуу тутумундагы органдарда так маалыматтардын жоктугуна өзгөчө басым жасады.

«Балдардын жана үй-бүлөлөрдүн жайсыздыгынын алдын алуу жана оор турмуш шартындагы балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн, анын ичинде катаал мамиледен жана зомбулуктан жабыркаган балдарды социалдык реабилитациялоо индивидуалдык программаларын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттердин Тартиби иштеп чыгарылат жана бекитилет», - деп жыйынтыктады Өмүрбекова.

Пикир

Оставить комментарий