• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер Өмүрбекованын күйөөсү жол кырсыгына кабылды

Коом 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу Нурлан Тургунбаев «Ала-Арча» коругунда жол кырсыгына кабылып, ооруканага жеткирилди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-март күну саат 17:00 чамасында «Ала-Арча» коругунда болгон.

Нурлан Тургунбаев – Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө дарыгер.

Милициянын маалыматы боюнча, 29-жаштагы Элиза К.Б. Toyota Camry унаасын айдап баратып рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Машинанын ичинде отурган 49 жаштагы Нурлан Тургунбаев жана 28 жаштагы К.Н. жараат алып, Улуттук госпиталдын жеткирилген. Ал эми унаанын айдап бара жаткан аял Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилген.

Автоунаанын айдап бара жаткан аял соо болчу, - деп билдиришти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий