• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер Мадумаров жээк бекемдөөчү иштерди талап кылган тилкелердин абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө жээктерди бекемдөөчү иштердин жүргүзүлүшүн талап кылган бир катар жер тилкелерин кыдырып чыкты.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, ал Кемин, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы жер тилкелеринин абалы менен таанышты.

«Болжол менен жээктерди бекемдөө иш-чараларын талап кылган 193 кооптуу тилке бар. Анын ичинен 1996-2019-жылдары 47 объект курулган, коргоочу курулуштардын жалпы узундугу 12603 метр саналат. Үстүбүздөгү жылы пандемияга жана бюджетик каражаттардын тартыштыгына байланыштуу жээктерди чыңдоочу иштерге финансылык каражаттар бөлүнгөн эмес», - деди ал.

Акрам Мадумаров тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар багыттарды иштеп чыгуу, анын ичинде жээк бекемдөөчү иштердин маселесин биринчи кезекте чечүүнү талап кылган жер тилкелеринин тизмесин, ошондой эле каржылоо булактарын аныктоо боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, чектеш аймактагы инерттик материалдарды казуучу жеке компаниялардын ишинин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү боюнча тапшырма берилди.

Пикир

Оставить комментарий