• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Максат Мамытканов Баткен облусуна иш сапары менен келди

Аймак 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. 2021-жылдын 10-январына белгиленген КР президентин шайлоого карата даярдыктар менен жеринде таанышып, шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында КР вице-премьер-министри Максат Мамытканов Баткен облусуна иш сапары менен келип, облус активи менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына шайлоонун уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда, пандемия шарттарын эске алуу менен, санитардык нормалардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу, шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы, жылуулук менен камсыз кылуу, кошумча электргенераторлорду коюу, жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү, аймактык шайлоо комиссияларына уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Максат Мамытканов 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгында элдин нааразычылыгынын себептеринин бири болгон №2 форма бул шайлоодо колдонулбай турганын айтып, ошондуктан эл арасында өзүн-өзү тизмеден тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоо, добуш сатып алуу, жана башка мыйзам бузуу фактыларын алдын алууну тапшырды.

Баткен облусунда шайлоо участкаларынын саны 217, ал эми шайлоочулардын жалпы саны 297 203 түзүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, шайлоону откөрүү боюнча кеңири маалымат берди.

Жыйындан соң Максат Мамытканов Баткен облусунун чек аралаш аймактарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти.

Пикир

Оставить комментарий