• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исмаилова COVID-19 дартынан жабыркагандарды дарылоо механизмдерин жакшыртуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.20 /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Аида Исмаилова саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер менен коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо механизмдерин жакшыртуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин экс-статс-катчысы Касымбек Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Оскомбаева катышты.

Нурлан Бримкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө оорулууларды коронавирус инфекциясына чалдыккан жана өпкөсү кагынган деп экиге бөлүп, эки бөлөк протокол менен дарылашууда.

«Бейтаптардан COVID-19га карата тесттик маалымдамалар талап кылынууда, бирок көпчүлүгү өпкө оорусунан жабыркоодо. Калктын 80 % коронавирустук инфекциядан жеңил өтүүдө, мында дарыгердин кеп-кеңеши, көбүрөөк суюктук ичүү, дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо жана дене тапты текшерип туруу талап кылынат. Ошол эле учурда оорулуулардын 20%ында оору өтүшүп кетип, өпкөсү сезгенип, дем алуу начарлап, энтигүү пайда болууда. Буга байланыштуу дарыгерлер оорулуунун клиникалык картинасына жараша диагноз коюушу керек, мында бейтапка коронавируска шектелген, оорушу ыктымал жана коронавирус тастыкталган катары диагноз коюлушу ылайык», - деди ал.

Аида Зурдинованын айтымында, ири стационарларды тандап, аларды коронавирус инфекциясына чалдыккандар үчүн убактылуу дарылоо мекемеси катары түзүп чыгуу зарыл. Мында атайы лабораториялар, рентген-кабинеттер каралып, алар суюк кычкылтек менен жабдылып, кеңири реанимациялык блоктор каралышы керек.

Касымбек Мамбетовдун айтымында, учурдагы негизги милдет – оор жана өтө оор абалдагы бейтаптарды сактап калуу.

«Вирус спецификалык өзгөчөлүккө ээ болууда, мында жеңил өтүп жаткан оору ыкчам түрдө оор категорияга өтүп кетүүдө. Коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды реабилитациялоо маселесине да жетиштүү көңүл бурулушу кажет. Тез арада клиникалык протоколдорду жаңылоо жагы каралышы керек», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 8-июнундагы Коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо жөнүндө буйругуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн реконвалесценттик плазманы пайдалануу ыкмасын иликтеп, ал боюнча сунуш киргизүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий