• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-премьер-министр Баткендеги жаңжал чыккан аймакка жөнөп кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 14.03.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Ал маалымдагандай, Чек-ара кызматынын башчысынын орун басары Курманбек Исаков жана ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жеринде иш алып барууда.

Эске сала кетсек, кечээ, 13-мартта Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салган. Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапкан. КР менен ТРнын дээрлик эки жүзгө жакын жашоочулары бири-бирине таш ыргытышкан. Тараптардын ортосундагы чырды токтотуу максатында кыргыз жана тажик чек арачылары асманга ок чыгарууга мажбур болушкан.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байналыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган болчу.

Пикир

Оставить комментарий