• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер-министр: Биз үчүн эң башкысы – коопсуздук

Өкмөт 0

Бишкек, 23.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Аскар Жумагалиев менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр меймандар менен өлкө Өкмөтүнүн атынан саламдашып, жолугушуунун маанилүүлүгүн жана маалыматтык технологиялар тармагындагы зор потенциалды баса көрсөттү.

«Казакстандын «Санариптик Казакстан» Мамлекеттик программасын жана «Таза Коом» кыргыз программасын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу – бул мезгил талабы. Санариптештирүү боюнча бул кызматташуу эки мамлекетке тең пайда алып келет. Кыргызстан бул тармакта кызматташууга даяр», - деди Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күнү өз кезегинде санариптештирүүнү өнүктүрүүдө түрткү болуучу маалымат жана программалык продукция менен алмашуу жолун аныктоо маанилүү болуп саналат.

«Биз үчүн эң башкысы – коопсуздук. Программалоонун негизги тилдери, операциялык тутумдардын программалары корголушу керек. Жарандардын маалыматтык коопсуздугу баарынан маанилүү. Эгерде эки өлкө биргелишип иштесе, анда маалыматтык коммуникациялык технологиялар тармагында гана жакшы натыйжаларга жетишпестен, санариптик экономиканы ишке ашыруудагы кызматташуубузду дагы бекемдей алабыз», - деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Өз кезегинде Аскар Жумагалиев «Санариптик Казакстан» Мамлекеттик программасы тууралуу айтып берип, 2018-жылдын 3-июлунда Астанада ачыла турган Astana Hub павильонунун ачылышына чакырды.

Белгилей кетсек, Бишкекте кыргыз кесиптештери менен тажрыйба алмашуу үчүн Казакстандан маалыматтык технологиялар тармагындагы 30дан ашуун компания чакырылган иш-чара уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий