• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Вице-премьер-министр БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонния Ожиело менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору, БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонния Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ өнүктүрүү программалары ортосундагы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформалар алкагындагы өз-ара аракеттешүү маселелерин талкуулады.

Вице-премьер-министр белгилегендей, БУУ бир катар жылдар бою экономиканын ар-кыл секторлорунда көмөк көрсөткөн Кыргызстандын туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат.

Анын айтымында, өз-ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү катары жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформаларга БУУ тараптан көрсөтүлүп жаткан көмөк эсептелет.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело белгилегендей, БУУ кыргыз тарапка жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо жаатында жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурат.

Ал соттук-укуктук реформанын алкагында БУУ тарабынан ишке ашырылган долбоорлор тууралуу маалымдап, ошондой эле жүргүзүлгөн реформанын алкагында максаттарга жетишүү үчүн Кыргызстанга мындан аркы көмөктөшүү маселесин изилдөөгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жазык мыйзамынын новеллаларын имплементациялоо тармагында өз ара аракеттешүү келечеги, анын ичинде пробация институтунун калыптанышы, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жана Бузуулардын реестрин түзүү, эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүү талкууланды.

Мындан тышкары тараптар жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында биргелешкен аракеттерди консолидациялоого багытталган келечек кадамдарды эксперттик деңгээлде талкуулоону макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий