• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Вице-премьер-министр Чүйдөгү бир катар билим берүү мекемелеринин иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Новониколаевка айылындагы Новониколаевск инновациялык орто мектеп-гимназиясына барды.

Мектеп «100 инновациялык мектеп» долбоорунун катышуучусу болуп саналат жана жаңы билим берүү стандарттарын иликтөө жана киргизүү боюнча тармактык мектептер алкагында иш жүргүзөт. Мамлекеттик стандарттардын талаптарын эске алуу менен гимназиялык компоненттердин сааттары төмөнкү предметтер: биология, математика, орус тили, информатика боюнча бөлүштүрүлгөн. Мектептин техникалык жактан жабдылышы мыкты саналат. Мектеп Интернетке кошулган, класстар телевизор жана DVD менен жабдылган, компьютердик класстары бар. Мектептеги негизги көйгөй – мектептеги орундун жетишсиздиги. Долбоор боюнча мектеп 1100 окуучулук орунга эсептелсе, мектепте учурда 2500 бала билим алат.

Вице-премьер-министр мектептердин долбоордук кубаттуулугун текши пайдалануу зарылдыгына токтолду, мында бир мектепте орун жетишсиз болуп, ал эми башкаларында орун ашып калгандай болбошу керек.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр Кара-Балта шаарындагы № 1-мектепке барды, мында негизги көйгөй катары мектептеги орундун жетишсиздиги саналат. Долбоор боюнча 760 орун каралса, мында 1700 бала билим алууда. Мындан тышкары, башталгыч мектептин имараты авариялык абалда турат, ал түртүлүп, ордуна жаңы мектеп салынышы керек.

Вице-премьер-министр мектептин жаңы имаратын куруунун долбоордук-сметалык документин түзүүнү тапшырды.

Андан соң Алтынай Өмүрбекова учурда авариялык абалда жабылып турган Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин жабык бассейнини көрүп чыкты.

Кара-Балта шаарынын тургундары вице-премьер-министр менен жолугушуга келип, аталган бассейндин жалпы Чүй облусу үчүн маанилүүлүгүн, анда ар кыл мелдештердин жеңүүчүлөрү болгон балдар алектенишээрин белгилешти. Алар бассейнди тез арада оңдоп берүүнү өтүнүштү.

Бассейнди оңдоонун жалпы наркы болжол менен 50 млн сомду түзөт. Бассейндин ичин жана шыбын оңдоо үчүн 10 млн сом талап кылынат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аталган обьектти баскычтуу каржылоо маселеси караларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий