• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-премьер-министр үч облустун жайыт комитеттерине атайын техникаларды тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Ош облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жайыт комитеттерине атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Биздин республика агрардык болуп саналгандыктан, айыл чарба жумушчуларын, анын ичинде жайыт колдонуучуларды жалпы колдоо керек. Биздин милдетибиз – жайыттарды натыйжалуу пайдалануу шарттарын камсыздоо, анткени келечек муунга өлкөбүздүн өзгөчө жаратылышы кандай абалда жете турганы бизден көз каранды. Коюлган максаттарга жетүү үчүн биргеликте аракет кылуу зарыл», - деди ал.

Белгилей кетсек, атайын техникаларды тапшыруу салтанаты Ош шаарынын борбордук аянтында өттү. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоорунун алкагында атайын техникалардын баасынын 75%ын, калган 25% - жергиликтүү жайыт комитеттери төлөгөн. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү коомчулуктарга «Lovol, RongVei» үлгүсүндөгү 3 кубдук жана 1,8 кубдук тракторлор жана «Howo» самосвалдары тапшырылды.

Андан соң вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында ичүүчү таза суу тутумун ишке киргизүү салтанатына катышты. Бул демилге Дүйнөлүк банктын Суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Аталган тутумда айылдын 500 үй чарбасы, ошондой эле айылда жайгашкан социалдык объектилер камтылган.

Мындан тышкары вице-премьер-министр Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылындагы Б.Амиркулов атындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул билим берүү мекемеси 200 орунга эсептелген, ал эми курулушун 2018-жылдын августунда аяктоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий