• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Вице-премьер-министр Д.Зилалиевге катуу сөгүш берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мындай дисциплинардык чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде 2017-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин жоопкерчилигине карата көрүлгөн дисциплинардык чараны мындан да катуураак чарага өзгөртүү боюнча көрсөтмө берилген.

Эскерте кетсек буга чейин, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата уюштуруу, техникалык маселелерине жана шайлоо комиссияларынын даярдыгына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасынын милдетин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровго жүктөгөн.

Аталган чечим Премьер-министр тарабынан ЖМК Дүйшөнбек Зилалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин бирине жеке көз карашын билдиргендигине байланыштуу кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий