• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер-министр Исмаилова COVID-19 пандемиясы шартында кошумча ресурстарды тартуу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова COVID-19 коронавирус пандемиясы шартында кошумча чараларды тартуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешме катышуучулары тарабынан белгиленгендей, пандемия шартында медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда, буга байланыштуу кошумча кадрдык ресурстарды тартуу зарылдыгы келип чыгууда.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жогоку окуу жайлардын ректорлору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ЖОЖ окутуучуларынын жана клиникалык ординаторлордун катарынан мобилдик бригадаларда, call-борборлордо жана саламаттык сактоо тутумунун мекемелеринде иштөө үчүн дарыгер-адистердин тизмесин сунуштоо тапшырылды.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын начальниги Бактыгүл Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иши башкармалыгынын начальниги Рыспек Жолдошбаевдер катышты.

Пикир

Оставить комментарий