• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер-министр өлкөдөгү жеке коргонуучу каражаттардын саны боюнча маалымат берди

COVID - 19 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүнкү күнгө карата өлкөдө болгон жеке коргонуучу каражаттардын саны боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 2 млн 662,7 миң беткап бар.

Ошондой эле:
- дезинфекциялоочу каражат - 442 миң 123 даана;
- бир жолу колдонулуучу костюмдар - 328 миң;
- көп жолу колдонулуучу костюмдар - 24 миң;
- FFP2 респиратору - 246 миң;
- FFP3 респиратору - 74 миң;
- респиратордун башка түрлөрү - 36 миң;
- бахилалар - 710 миң;
- коргоочу көз айнектер - 82 миң;
- колкаптар - 4 млн 776,9 миң.

Пикир

Оставить комментарий