• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Вице-премьер-министр Ош облусунда эки ишкананын ачылышына катышты

Аймак 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында кир жуугуч машиналарды чогултуу боюнча жаңы кыргыз-өзбек “Артель” заводунун жана травертинди кайра иштетүү жана өндүрүү заводунун ачылышына катышты. . Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ишкана менен таанышуу учурунда вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестицияларды тартууга жана өлкө аймактарында жаңы ишканаларды ачууга зор көңүл бурат.

“Кызыл-Кыштак айылында кир жуугуч машиналарды чогултуу боюнча жаңы кыргыз-өзбек “Артель” заводунун жана травертинди кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча заводунун ачылышы – Ош облусу жана анын жашоочулары үчүн маанилүү окуялар. Жаңы ишканалардын түзүлүшү менен жаңы иш орундары түзүлүп, салык түшүүлөрү, анын ичинде жергиликтүү бюджетке түшүүлөр көбөйөт, бул жергиликтүү тургундардын биринчи кезектеги маселелерин чечүүнү шарттайт”-, деди ал.

“Артель” кир жуугуч машиналарды чогултуучу заводу менен таанышуунун жүрүшүндө Замирбек Аскаров белгилегендей, эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусунан кийин Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташуу өнүктү жана бекемделди.

“Пластикалык терезе, эшиктерди чыгаруучу алгачкы биргелешкен ишкананы ачкандыгыбыз эсимде. Бүгүн биз кезектеги жаңы биргелешкен ишкананын ачылышына күбө болуудабыз. Бул абдан кубанычтуу жана жагымдуу окуя» – деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары вице-премьер-министр Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жайыт комитеттерине 17 даана техника тапшыруу салтанатына катышты.

Маалымдама: Заводдун ачылышы үчүн 1 млн доллар суммасындагы инвестиция тартылган, азырынча мында болжол менен 50-60 жумушчу орун түзүлгөн. Ишкананын маалыматы боюнча, жылына 50 миң кир жуугуч машина чыгаруу пландаштырылууда.

Травертин өндүрүү жана кайра иштетүүчү завод жылына продукция өндүрүүнүн пландаштырылган көлөмү болжол менен 150 миң кв. метрди түзөт. Бүгүнкү күндө анда 50 жакын адам иштейт.

Пикир

Оставить комментарий