• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-премьер-министр салыктык башкарууну жакшыртуу чаралары тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга карата отчету боюнча айтып берди.

«Салыктык башкарууну жакшыртуу максатында 2018-жылдын 13-апрелинде № 39 «Салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал электрондук эсеп-фактураларын киргизүүнүн, онлайн-ККМ мындан ары карай өркүндөтүүнүн, анын ичинде виртуалдык ККМ киргизүүнүн укуктук негизин түзөт. Ошондой эле Өкмөт тарабынан милдеттүү электрондук отчет берүү мөөнөтү, салык төлөөчүнүн электрондук патент алууга укугу, маркировкага таандык товарлардын тизмеси, маркировка түрлөрү жана аларды жүргүзүү мөөнөттөрү аныкталды», – деди Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары вице-премьер-министр бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу жаатында көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.

«2019-жылдын 31-декабрына чейин республикага электромобилдерди ташууга бажы алымдарынын нөлдүк коюму киргизилди. Киреше салыгынан бошотуу киргизилди. Айыл чарба продукцияларын жана аларды кайра өндүрүүдөгү өнүмдөрдү ташуу жана экспорттоо туруктуу негизде кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат. Мындан тышкары айыл чарба кооперативдеринин жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлордун жалданма жумушчуларына киреше салыгынын белгиленген суммасын кармап калуу укугун берүү аркылуу киреше салыгы боюнча жүктөм азайтылды», – деп билдирди Замирбек Аскаров.

Мындан соң вице-премьер-министр машина-трактордук станциялар жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор тарабынан ташылган негизги каражаттардын импортуна туруктуу негизде КНС төлөөдөн бошотуу тууралуу айтып берди.

«Башкаруу жана ынтасыз атаандаштык менен күрөштү күчөтүү максатында физикалык жактарга тигүү жана текстиль тармагынын субъекттеринен башкарларга патенттик тутумда товарларды импорттоого чектөө киргизилди», – деп жыйынтыктады Замирбек Аскаров.

Пикир

Оставить комментарий