• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Разаков: Ак-Сай – Тамдык жолу Кыргызстандыкы, аны курууга мүмкүнчүлүк жетет

Коом 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Ак-Сай – Тамдык жолу Кыргызстандын аймагында, аны курууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча пикирин айтып жатып билдирди.

"Мен ойлойм, бул (жол) биздин территорияда. Муну бүтүрүүгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар", – деди Разаков.

"Негизинен, Көк-Таш – Ак-Сай – Рават жолун салынганда мен бул жерде (Баткен облусунда) губернатор болуп иштегенмин. Коомдук-саясий кырдаал курчуганда, абал оорлошкондо кыргыз жарандары жүрүш керек деген максат менен курганбыз. Кечээ күндөн тартып жолду дагы калыбына келтирүү иштерди баштап туруп, ал жерде жол жүрүш башталды. Лейлектен келген жарадар Баткенге ошол жактан өтүп атышат. Ал эми чоң жүк ташуучу машиналар өтүш үчүн жумуштар жүрүп атат", - деп билдирди вице-премьер.

"Азыр өтпөй калган, өтө албай калган же калып кеткен нерселер жок", - деди Разаков.

Вице-премьердин айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын себеби Ак-Сай – Тамдык жолун салуу.

"Бул маселе бүгүн эле пайда болуп калган эмес, мен билгенден бир 20-30 жылдан бери келе жатат. Түбү, себеби ошондо. Түрткү болгон бул Ак-Сай – Тамдык жолунун салынышы себеп болуп чыкты. Ошол жолдон башталды. Андан сырткары, шагыл алуу маселеси дагы көтөрүлгөн", - деди Разаков.

Эми эки тараптуу суроолор бар, ошол маселелерди курчутпай, элди ынтымакка чакырып, маселени чечкенге аракет кылышыбыз керек, деп кошумчалады вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий