• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Вице-премьер Разаков чек арада кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантууда

Өкмөт 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Кечээ, 14-мартта, саат 19-30дан 20-40ка чейин Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги алдында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен күн тартибиндеги бардык курч маселелер талкууланып, учурда сүйлөшүүлөр тараптардын өкүлдөрү менен уланып жатат.

Белгилей кетсек, 14-мартта саат 21-00 чамаларында Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди. Жергиликтүү жашоочулар №57-кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды. Алардын коопсуздугу Баткен ШИИБ кызматкерлери тарабынан камсыз кылынууда.

Ошондой эле аталган айылдардын жашоочуларын Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган алардын туугандары өз үйлөрүнө алып кетишүүдө.

Жергиликтүү бийлик күч органдары менен биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий