• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер Разаков Чехиянын өнөр жай жана соода министри менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чехиянын өнөр жай жана соода министри Марта Новакова менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Чехия аралык эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Кыргызстан Чехия Республикасы менен кызматташтыкты ар тараптуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар, анткени, анын учурдагы абалы тараптардын мүмкүнчүлүктөрүнө дал келбейт.

«Биздин достук мамилелерибиздин негиздери советтик мезгилде түптөлгөн, жалпыбыз «Интергельпо» чехиялык өнөр жай кооперативинин өнөр жай өндүрүшүбүзгө тийгизген ба жеткис салымын билебиз», – деди Разаков.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, учурда Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүк жүргүзүүсү жана биргелешкен ишканаларды ачуусу үчүн бардык тийиштүү шарттар түзүлүүдө.

Өз кезегинде Чехиянын өнөр жай жана соода министри Марта Новакова өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чараларды кабыл алуу зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле ал өлкөлөр ортосундагы инвестициялык жана товар жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрү толугу менен пайдаланылбай жаткандыгын ырастады, буга байланыштуу тараптар тийиштүү чараларды талкуулап, кабыл алуусу мерчемделди.

Марта Новакованын айтымында, анын сапарынын негизги максаты Кыргызстан жана Чехия ортосундагы кош салык салуудан четтөө тууралуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюу болуп саналат.

Ал белгилегендей, эки өлкө ишкерлеринин алгачкы кыргыз-чех бизнес форумунда активдүү катышуусу алардын инвестициялык кызматташтыкка жана аны өнүктүрүүгө карай кызыгуусунан кабар берет.

Мындан тышкары, Чехиянын өнөр жай жана соода министри өлкөлөр ортосундагы өнөр жай боюнча салттуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана аны улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бизде бири-бирибиз үчүн европа жана азия рынокторуна кирүү боюнча хаб болууга бардык шарттар бар», - деп кошумчалады ал.

Марта Новакова белгилегендей, Кыргызстанда чет элдик инвестицияларды тартуу жана аны пайдалануу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн, буга байланыштуу чех компаниялары Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар, анткени, акыркы мезгилде Чехияда жогорку квалификациядагы жумушчу күчү жетишсиз болууда.

Тараптар бардык актуалдуу багыттар боюнча өз-ара активдүү кызматташтыкты улантууга жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча Жол картасын иштеп чыгууга даярдыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий